Мунарбек Сейитбек уулу профессионалдык бокстогу дебюттук беттешин жеңиш менен баштады
Кечээ, 20-июлда Париж олимп оюндарынын күмүш жана дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Мунарбек Сейитбек уулу профессионалдык бокстогу алгачкы беттешин ийгиликтүү өткөрдү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Беттеш Бишкек шаарында Япониянын “SAIKOU LUSH” промоутердик компаниясы тарабынан уюштурулган “Достук кечеси” аттуу эл аралык иш-чаранын алкагында болуп өттү.
Мунарбек Сейитбек уулунун атаандашы Угандадан келген мушкер Коннрад Серуенге болду. Беттештин жыйынтыгында калыстар бир добуштан жеңишти кыргызстандык мушкерге ыйгарышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2025-07-21

20:34
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.