Бул жумада Стамбул Иран жана Европа үчтүгү үчүн дипломатиянын борбору болот
Иран, Улуу Британия, Франция жана Германия 25-июлда Стамбулда өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Буга чейин "евро үчтүгүнүн" (Улуу Британия, Франция жана Германия) тышкы иштер министрлери жана Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Иран тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Бул - Израилдин Ирандагы өзөктүк объекттерге аба чабуулунан кийинки биринчи байланыш болгон.
Ирандан 2015-жылы кабыл алынган өзөктүк келишимдин негизинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) санкциялары алынган болчу. Бирок Европа өлкөлөрү бул келишимде каралган "триггер механизми" же "snapback" деп аталган жүйө менен санкцияларды кайра калыбына келтириши мүмкүн. Бул механизмдин мөөнөтү 18-октябрда аяктайт. Эгер Ирандын өзөктүк программасы боюнча чечимге келишпесе, бул механизмдин иштетилиши күтүлүүдө.
"Эгер ЕБ өз ролун ойногусу келсе, жоопкерчиликтүү болушу керек. Бизге карата коркутуу, басым жана "триггер механизми" сыяктуу эски саясатты токтотушу зарыл. Бул механизмди колдонууга алардын эч кандай моралдык жана укуктук негизи жок",- деди Аббас Аракчи.
Маалымат үчүн: 14-июль 2015-жылы Иран менен БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу 5 мүчөсү жана Германия ортосунда өзөктүк программаны чектөө жана ага жооп катары санкцияларды алып салуу тууралуу макулдашууга жетишилген. Бирок 2018-жылы АКШ бул келишимден бир тараптуу чыгып, Иранга каршы санкцияларды кайра киргизген. Иран болсо Европадан компенсациялык кадамдарды талап кылган, бирок алар АКШга каршы бир да реалдуу чара көрө алышкан эмес.
Натыйжада, Иран 1 жылдан кийин келишимдеги милдеттенмелерин акырындык менен токтото баштаган жана уран байытуу ишин жогорку деңгээлде жүргүзүүгө киришкен.
Улуу Британия, Франция жана Германия азыр болсо, Иран келишимди бузду деген жүйө менен "snapback" механизмин иштетүү коркунучун айтып жатышат.
