Адамкул Жунусов: "Мамлекеттик бажы кызматынын резервдик кадрларды түзүүнүн натыйжалуулугун арттырууга байланыштуу жоболор иштелип чыкты"
Бүгүн, 14-январда Бажы кызматын реформалоо
жана моденизациялоону ишке ашыруу боюнча байкоочу кеңештин отурумунда биринчи
вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын Бажы кызматынын түзүмүндө сапаттык жакшыруу байкалганын белгилеп өттү.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
“Республиканын
бул тармагы мындан ары да ушул темпте жакшыруусун каалайбыз. Кызматтын ишинин
жыйынтыктары кубандырат”,- деди ал.
Өз
кезегинде КРнын Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусов
2011-2013-жылдарга КРнын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясынын алкагында бул
мезгилде жалпысынан КРнын 8 мыйзамы, КР Өкмөтүнүн 18 токтому, 50дөн ашык
ведомстволук актылар иштелип чыгып, кабыл алынганын билдирди.
Ошондой
эле аталган кызматтын борбордук аппаратында жана бажы
органдарында реформа жүргүзүлгөнүн кошумчалады.
“Аны менен
бирге кесиптик даярдык жана билимди жогорулатуунун, аттестация өткөрүү жана
өздүк курамды которуштуруунун, резервдик кадрларды түзүүнүн натыйжалуулугун
арттырууга байланыштуу жоболор иштелип, бекитилди”,- деди Адамкул Жунусов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

