super.kg logo

МРТ аппараты тартып алган жаран каза болду

 

АКШнын Нью-Иорк шаарында 19-июлда МРТ аппараты тартып алган Лонг-Айленддин жубайы трагедия жөнүндө айтып, дарыгерлерди күнөөлөдү. Бул тууралуу New York Post жазып чыкты.

Анын айтымында, күйөөсү анын колунда каза болгон.

"Ал менин колумда өлдү, оюмдан кетпей жатат ",- деди аял.

Ал кошумчалагандай, ишемби күнү күйөөсүн тизесин МРТга тарттыруу үчүн алып барган. Процедурадан кийин аялы аппараттан чыгарууга жардам берүү үчүн бөлмөгө кирип келген. Күйөөсү чыгам деп эңкейгенде аппарат күйүп, кишини тартып кеткен.

Процедураны жасаган дарыгер жана аялы кишиге жардам берүүгө шашышкан, бирок аны чыгара алышкан эмес.

Аял күйөөсү мойнуна чоң чынжыр (цепочка) тагынганын, дарыгер муну көргөнүн, бирок аппаратка киргизгенин баса белгиледи. Анын айтымында, "күйөөсүнүн өлүмүнө аппараттын техниги күнөөлүү" болгон.

Укук коргоо органдарынын айтымында, өлүмгө асфиксия (дем жетпөө, моюн буулуусу) жана моюн омурткаларынын жабыркашы себеп болушу мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: