Санкт-Петербургдагы аялдамада 8 жаштагы кыз токко урунуп калды
Санкт-Петербургда коомдук транспорттун аялдамасында сегиз жаштагы кыз токко урунуп калганын шаар боюнча Тергөө комитетинин Башкы тергөө башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, 19-июль күнү күндүз сегиз жаштагы кыз Марат көчөсүндө бара жатып, бир колу менен темир тосмону, экинчи колу менен маалымат мамычасын кармап алып, токко урунуп алган",- деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, кыз денесинен жаракат алып ооруканага түшкөн. Учурда анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жок.
Тергөө бөлүмү бул окуя боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренесинде (коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Санкт-Петербург прокуратурасынын басма сөз кызматы кошумчалагандай, бөлүм баланын жаракаты боюнча иликтөө жүргүзүп, окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн "Россети" компаниясынын өкүлдөрү тартылган.
21.07

