super.kg logo

OpenAI жаңы "ChatGPT Agent" деген акылдуу жардамчыны тааныштырды

 

OpenAI компаниясы өзүнүн жаңы жасалма интеллект жардамчысын – ChatGPT Agent деген жаңы системин тааныштырды. Бул жаңы версия жөн эле сүйлөшпөйт, эми ал өзү тапшырма аткарып, веб-сайттардан маалымат издеп, тапшырмаларды аткарып бере алат. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

ChatGPT Agent төмөнкү иштерди кыла алат:

  • Интернеттен маалымат издеп, керектүү сайттарга кирип, тапшырма аткарат
  • Код жазып, программалык маселелерди чечет
  • Google Drive, Календарь, GitHub сыяктуу колдонмолор менен бирге иштейт
  • Маалыматты терең талдап, отчёт же жыйынтык чыгара алат

Башкача айтканда, бул эми жөн эле жооп берип отурган бот эмес, өз алдынча иштеген акылдуу жардамчы болуп калды.

OpenAI бул жаатта жалгыз эмес. Мисалы:

  • Google өзүнүн "Gemini 2.0" деген акылдуу системин чыгарган
  • Amazon интернеттен буюм сатып ала турган агенттерди иштеп чыккан
  • Perplexity "Comet" деген өзүнүн вебде иштеген агентин жасап жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: