Кремль Алиевдин учак кырсыгы боюнча сотко кайрылуу пландарына жооп кайтарды
Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин AZAL авиакомпаниясынын учагынын кыйрашына байланыштуу эл аралык сотторго доо арыздарды берүү пландары тууралуу сөздөрүнө комментарий берип жатып, эгерде Баку чечим кабыл алса, анда бул алардын укугу экенин айтты.
Буга чейин Баку Орусияга каршы эл аралык сотко берүү үчүн документтерди даярдап жатканын билдирди.
Эске сала кетсек, 2024-жылдын 25-декабрында, Бакудан Грозныйга бет алган AZAL авиакомпаниясынын Embraer E190 учагы Казакстандын Актау шаарында кыйраган. Бул окуя украиналык дрондор Кавказ аймагын аткылап жаткан учурда учактын Каспий деңизи аркылуу Казакстанга багытын өзгөрткөн мезгилде болгон. Кырсыктын кесепетинен 38 адам каза болуп, 29 адам аман калган.

