Базар-Коргондо ишке тартылган 50 өспүрүм аныкталды







Базар-Коргон районунда "Эмгек өспүрүм" аталышындагы рейд өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.
Облустук милиция базар, унаа жуучу жайлар, курулуш объекттери, кафе, ресторандар текшерилип, жалпы 50 жаш өспүрүм аныкталганын белгиледи. Алардын ата-энелери чакыртылып, протоколдор түзүлүп түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
"Аталган иш-чаранын максаты жайкы каникулда жаш өспүрүмдөр ар кандай кырсыктарга, кылмыштарга кабылбоосу үчүн алдын алуу максатында жүргүзүлүп жатат. Себеби жаш өспүрүмдөр кичине акча табуунун жолун ойлоп, өздөрү билбей же байкабастан кырсыктарга дуушар болуусу мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.