Beeline «Миллионго билет» лотереясынын жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшырды












Бир жарым айдан ашык катышуу жана күтүүдөн кийин көптөн күткөн учур келди! 20-июлда «Азия Молл» соода борборунун алдында Beeline Кыргызстандын «Миллионго билет» лотереясынын жеңүүчүлөрүнө байгелер тапшырылды.
Масштабдуу лотерея 15-майдан 30-июнга чейин өткөрүлдү. Катышуу үчүн жөн гана байланыш кызматына акы төлөп коюу жетиштүү болуп: ар бир 500 сомдук абоненттик төлөмгө же кошумча пакеттерге акча каражаты жумшалганда, катышуучулар автоматтык түрдө электрондук билеттерди алышкан.
Финалдык утуш 8-июлда түз эфирде өткөрүлдү. Жеңүүчүлөр атайын комиссиянын катышуусунда — КР Экономика министрлигинин алдындагы Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрүнүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана популярдуу блогерлердин катышуусунда рандомайзердин жардамы менен аныкталды.
Лотереянын жалпы байге фонду 4 миллион сомду түздү. Бардыгы болуп 33 акчалай сыйлык ойнотулду. Жеңүүчүлөр Бишкектен баштап аймактардагы чакан айылдарга чейинки Кыргызстандын бардык аймактарынан жашаган катышуучулар болду.
20 катышуучу 50 000 сомдук сертификаттардын ээси болушту, алар: Сыймык Эргешев, Азамат Мамашов, Омурбек Таштанов, Алишер Тулаев, Улукман Суюбек уулу, Рустам Абдуллаев, Али Айтматов, Гулмира Кошокова, Гулайым Абдижалилова, Бууниса Камбарова, Усубали Темиров, Якубжан Исаков, Асина Мухтар кызы, Хабибулла Исаков, Динара Акылбек кызы, Абдыразак Мурзабаев, Замира Мусабаева, Андрей Антонов, Медер Сламкулов, Феруза Бегмурадова.
100 000 сомдук сертификаттарды 10 катышуучу жеңип алды: Тахир Носиров, Сталбек Мадыев, Пазилат Зулумова, Бектур Абдысатаров, Хуршудбек Базаров, Мирланбек Каримов, Тансулуу Моноева, Нургул Ганыева, Зарипбек Абышов, Райкан Женишбек кызы.
500 000 сомдук сертификаттарды Бишкек шаарынын тургуну Исматилла Хабиб уулу жана Ош шаарынан Тургунбай Мусаев утуп алышты.
Баш байгени — 1 000 000 сомдук сертификатты Жалал-Абад шаарынан жашоочусу Нуруйла Ыманбекова жеңип алды.
- Мен чын жүрөктөн Beeline командасына таза жана ачык оюн үчүн ыраазычылык билдирем. Бул күтүлбөгөн, бирок кубанычтуу окуя болду. Бул менин жашоомдогу эң чоң ийгилик! — деп өз сезимдери менен бөлүштү жеңүүчү.
Компаниянын коммерциялык директору Александр Атамановдун айтымында, жакынкы келечекте Beeline абоненттерин жаңы сюрприздер күтүп турат:
— Биз кардарларыбыз үчүн ушундай маанилүү жана кызыктуу долбоорлорду жасай алганыбызга кубанычтабыз, — деп белгиледи ал.
— «Миллионго билет» лотереясы дагы бир жолу Beeline менен бардыгы мүмкүн экендигин далилдеди! Биз кыргызстандыктарды сапаттуу байланыш менен гана эмес, жаңы акциялар, лотереялар жана пайдалуу сунуштар менен да кубанта беребиз. Биз менен бирге болгула жана жеңишке жеткиле!
Бул мүмкүн. Бул Beeline.
КР СӨMгө караштуу БТЖСжККнын № 15-1420-КР, № 16-1526-КР, № 16-1527-КР, № 14-1102-КР, № 14-1125-КР, № 16-0089-КР, № 20-0388-КР уруксаттамалары.
