Чет өлкөдө жумуш убадалап... Эмгек министрлиги шылуундар тууралуу эскертет

Мекеме белгилегендей, акыркы убактарда Канада, АКШ, Улуу Британия жана Европанын башка өлкөлөрүндө “жеңил жумуш” сунуштаган алдамчылар көбөйгөн.
"Алар Milky Way шоколад фабрикаларына, Coca-Cola, Pepsi заводдоруна, Adidas, Puma, Nike, IKEA, Volkswagen жана башка белгилүү бренддердин кампаларына жогорку маяна менен, жаш курактык чектөөсүз жана тил билбестен жумуш убада кылышууда",- деп билдирди мекеме.
Алдамчылардын жаңы схемалары:
- Нейрондук тармактар аркылуу лицензияларды жана документтерди жасалмалоо
- “Аз эле орун калды”, “катталууга шашылыңыз” деген сөздөр аркылуу психологиялык басым көрсөтүү
- Жасалма “ырастоолорду” жана жалган паспортторду жөнөтүү
- Эмоцияларга – коркуу, үмүт, шашуу жана ишенимге ойноо
Эмгек министрлиги жана расмий агенттиктер аркылуу Канадага жана АКШга жумушка орношуу жүргүзүлбөйт.
Ал эми Польша, Германия, Венгрия, Хорватия жана Европанын башка өлкөлөрүндө иштөөнү каалаган кыргызстандыктар Эмгек министрлигинен расмий уруксат алган жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктерине гана кайрылышы керек.
Агенттикти текшериңиз:
- migrant.kg сайтына кириңиз
- "Жеке агенттиктер" бөлүмүнө өтүңүз
- Иштеп жаткан лицензиясы бар экенине ынангыла
- Байланыш номерлерин сайттагы маалымат менен салыштырыңыз
Алдамчылардын торуна илинбеңиз:
- Telegram, Instagram жана TikTok'тогу жарыяларга ишенбеңиз – бул алдамчылардын төлөнгөн жарнамасы болушу мүмкүн
- Мессенджерлер аркылуу “менеджерлерге” акча жөнөтпөңүз
- WhatsApp'тагы “лицензия” скриншотторуна ишенбеңиз – аларды ИИ аркылуу оңой жасалмалоого болот
Бардык маалыматты Эмгек министрлигинин расмий булактарынан – migrant.kg сайтынан гана текшериңиз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:41
2025-07-22

12:08
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.