Ысык-Көлдөгү ЖОЖдордо миңге жакын студент окубагандыгы аныкталды
Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан жогорку окуу жайлардан 941 студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, алардын сабакка катышуусун жана билим сапатын комиссиялык текшерүүдө жогорку окуу жайлардын жана атайын окуу жайлардын талаптарына баш ийбеген студенттер аныкталды.
- Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен - 779 студент;
- Жусуп Баласагын атындагы КУУнун гуманитардык-табигый илимдер факультетинен – 114 студент;
- Иса Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжинен - 48 студент окуудан чыгарылды;
УКМК жер-жерлерде билим берүүдөгү коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү жана анын сапатын жакшыртуу боюнча иш-чаралар планынын алкагында иштерди улантууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:41
2025-07-22

12:08
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.