Өлкө аймагында асфальт төшөө иштери тынымсыз уланууда







Кыргызстандын аймагында асфальт төшөө иштери тынымсыз уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Учурда Беловодский - Төлөк унаа жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө иштери жүрүүдɵ жана Алчалуу - Советское - Дɵң -Арык унаа жолунда асфальттоого даярдык иштери аткарылууда.
Кемин - Ильич - Ак-Туз унаа жолунун 2 чакырымына асфальт төшөлүүдɵ.
Суусамыр - Талас - Тараз автожолунун Өтмөк ашуусунун 12-17-чакырымдар аралыгына 5 чакырым асфальт тɵшɵɵ иштери уланууда. Асфальт тɵшɵɵгɵ даярдык иштери Тараз - Покровка - Кайынды унаа жолунда жүрүп жатат.
Ошондой эле, жол куруу иштери Түп районун Михайловка – Николаевка – Токтоян – Сары-Тологой унаа жолунда асфальт төшөө иштери башталып, эки тараптуу 3 чакырым асфальт басылды.
Ак-Кочкор – Балтабай – Ырдык, Темировка – Чоң-Ак-Суу жана Григорьевка – Пристань унаа жолдорунда асфальт тɵшɵɵгɵ даярдык иштери жүрүүдɵ.
Жогоруда айтылгын жол иштери министрлик алдындагы жол тейлɵɵ ишканалары тарабынан активдүү аткарылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:06
2025-07-22
21:42
2025-07-22

21:03
2025-07-22

20:18
2025-07-22

19:39
2025-07-22

19:05
2025-07-22

18:05
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.