Сербияда 69 жаштагы киши аялы менен баласын атып, андан соң өзүнүн жанын кыйган

Сербиянын Бажина Баста айылында шектүү мурдагы аялын жана 7 жашар уулун атып салган. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, укук коргоо кызматкерлери 69 жаштагы жарандын, анын 46 жаштагы мурдагы жубайынын жана 7 жаштагы баласынын сөөгүн табышкан. Тергөөдө Сербиянын жараны мурдагы аялы менен уулун атып, андан соң өз жанын кыйганы аныкталган.
Ал киши буга чейин Орусияда иштеп, жубайын ошол жерден жолуктурган. Бир нече убакыт өткөндөн кийин Бажина Бастага көчүп барышкан. Жубайлар никесин каттаган. Кийинчерээк алар балалуу болгон, андан соң түгөйлөр ажырашып кетишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:54
2025-07-22
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.