Бангладеште мектепке кулаган аскердик учак 25 баланын өмүрүн алды
Бангладештин борбору Дакка шаарында аскердик окуу учагы мектеп кампусуна кулап түшүп, каза тапкандардын саны 27ге жетти. Бул тууралуу Dhaka Tribune гезити кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бангладеш Аба күчтөрүнө таандык F-7 үлгүсүндөгү аскердик окуу учагы Дакканын Уттара районунда жерге кулаганда, 25 бала жана дагы 2 чоң киши курман болду. Дагы 78 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилди.
Бангладештин Саламаттыкты сактоо министрлиги учак кырсыгынан жаракат алгандарга акысыз медициналык жардам көрсөтүүнү бардык ооруканага тапшырды.
"Эгерде кайсы бир ооруканада зарыл болгон дарылоону камсыз кылууга мүмкүнчүлүк болбосо, бейтаптар дароо Улуттук күйүк жана пластикалык хирургия институтуна же Дакка медициналык колледж ооруканасына жөнөтүлүшү керек",- деп кошумчаланган министрликтин билдирүүсүндө.
Бангладеш Аба күчтөрүнүн өкүлдөрү учак пландуу түрдө окуу учуусу үчүн көтөрүлгөнүн, бирок "техникалык мүчүлүштүктөн улам" кулап түшкөнүн билдиришти. Учурда окуя боюнча иликтөө иштери башталып, так себептери аныкталууда.
Бангладештин расмий маалымат агенттиги билдиргендей, өкмөт бул каргашалуу окуяга байланыштуу өлкөдө 1 күндүк аза күтүү күнүн жарыялады.
