super.kg logo

Нарында "Gallops" эл аралык ат оюндары өтүп жатат

 

Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров "Gallops" эл аралык ат оюндарынын негиздөөчүсү Бади Кебирди кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө 27-июлга чейин Кыргызстанда дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген жүзгө жакын ат минүү жана ат спортун сүйүүчүлөрүнүн катышуусунда өтө турган мелдештин маселелери талкууланды.

Абакиров дүйнөгө белгилүү журналисттерди, саякатчыларды жана блогерлерди тартуу менен масштабдуу иш-чаранын өтүп жатканын канааттануу менен белгиледи. Ал эми Кебир алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарына Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңири чагылдырууга мүмкүндүк бере турган эл аралык маданий иш-чараны өткөрүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.

Маалымат үчүн: "Gallops" - 2014, 2018, 2019 жана 2021-жылдары Оман, Марокко, Индия жана Иорданияда өткөн атактуу эл аралык ат мелдеши. Иш-чаранын концепциясы жыл сайын өтүүчү Париж-Дакар раллисине окшош. Мелдеш ат чабыш болуп саналат. Дүйнө жүзүнөн келген он эки катышуучу команда өздөрүнүн чыдамкайлыгын жана минүү чеберчилигин көрсөтүп, беш күн ичинде Нарын облусунун Соң-Көлдүн айланасында эки жүз чакырым жолду басып өтүшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: