Нике шакек жаранды токко урунуудан сактап калды

Нике шакеги орусиялык жаранды токко урунуудан сактап калганын орус басылмаларынын бири билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 21-июлда Москванын түштүк-батышында болгон. 37 жаштагы жарандын батиринде оңдоо иштери жүрүп жаткан. Электр монтожёр дубалдан чыгып турган ачык зымдарды толук изоляциялаган эмес. Батирдин ээси кокусунан ток өткөрүүчү кабелге тийип, натыйжада электр тогуна урунган.
Эркек катуу жаракат алган эмес. Анткени электр тогунун соккусун шакек өзүнө тартып алган. Ал манжасында эрип кеткен. Жабыркаган күйөөсүнө аялы "Тез жардам" чакырып, күйүк алган деген диагноз коюлган. Москвалык ооруканага жатуудан баш тарткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:54
2025-07-22
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.