Өлкөгө күчтүү таасир этүүчү дарыларды алып кирүү менен алектенгендер кармалышты (видео)









Өлкө аймагына күчтүү таасир этүүчү психотроптук дары-дармектерди мыйзамсыз алып келүү менен алектенген деген шек менен 4 адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Казакстандан күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди тиешелүү уруксаат кагаздары жок алып кирүү учурунда А.М. аттуу жаран кармалган. Анын жанынан "Тропикамид" 288 таңгак, "Мидакс" 2160 даана жана "Лирика" 230 таңгак табылган.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Бишкек шаарынын аймагында психотроптук каражаттарды сатуу боюнча ортомчулар жана уюштуруучулар болгон Ж.У., Ж.У. жана З.У. аттуу жарандар да кармалып, камакка алынышкан.
Учурда бул иш боюнча тиешелүү бардык жагдайларды, анын ичинде контрабандалык схемаларды аныктоо боюнча тергөө иштери улантууда.
УКМК

