"Жайыраак иштесе дагы". Ташиев курулуш иштерине кыргызстандыктарды гана тартуу тапшырмасын койду (видео)
Бүгүн, 22-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Базар-Коргон шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынып жаткан көп кабаттуу батирдин курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу жергиликтүү телеканалдардын бири билдирди.
Анда ал курулушту жүргүзүп жаткан тиешелүү жетекчилерге жумушчуларды жергиликтүү элден алууну тапшырган.
"Мына азыр Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн биздин мигранттарыбыз кайтып келип жатышат. Ишти ошолорго бергиле. Анан "аз акча алат экен, жакшы иштейт экен" деп Бангладештен, Пакистандан келгендерди алып жатасыңар. Андай кылбагыла.
Мейли бир аз көбүрөөк төлөсөк дагы, жайыраак иштесе дагы өзүбүздүн жарандарды ишке алалы. Кыргызстандын ичинде жумушсуз жүргөндөрдү тарткыла", - деди ал.
22.07.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
2:45
2025-07-23

2:04
2025-07-23

1:34
2025-07-23

1:15
2025-07-23

0:33
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Azat-123

22.07.2025. 22:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсыз Камчыбек Кыдыршаевич
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.