super.kg logo
  Саясат  

Баткенде чек ара маселеси кайра курчуду

 

Баткен облусунун Ак-Сай айылындагы башкы суу тосмо аймагында кырдаал күчɵтүлдү. Бул тууралуу КРнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-январда саат 17:00дɵ кыргыз-тажик чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусу өттү. Сүйлɵшүүдɵ тажик тарап Кɵк-Таш–Ак-Сай жолунун курулушуна кескин түрдө каршылык көрсөтөрүн билдирди.

"Жолугушууга тажик чек арачылары толук куралданып келишкен жана бронежилетчен болушкан", - деп чек ара кызматы кабарлады.

КРнын Чек ара кызматы тажик тараптын чек арачыларынын мындай аракеттери жагдайды курчутуп, эки республиканын ортосундагы калыптанган коңшулаштык кең пейил мамилелердин өнүгүшүнө туура келбестигин билдирет. Ошондуктан тажик тарапты бардык маселелерди тынч сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырат.

Эскерте кетсек, 11-январда саат 13:00 чамасында Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып кетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: