super.kg logo

Синтетикалык баңгизаттарды сатуу менен алектенгендер кармалышты

 

Синтетикалык баңгизаттарды сатуу менен алектенгендер кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын 24 жаштагы тургуну нарколаборатория уюштуруп, жалпы салмагы 11 килограмм синтетикалык заттарды жасап, сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалган.

Ошондой эле чет өлкөдөн баңгизаттарды ташууга шектелип 25 жаштагы жигит да кармалган. Анын ижарага алып жашап жаткан батиринен суюк жана кургак түрүндө жалпысынан 8,8 килограмм баңгизаты, анын ичинде мефедрон, спайс жана аларды өндүрүү үчүн жабдуулар табылган. Мындан тышкары ал дагы 458 грамм баңгизат катылган жерди көрсөтүп берген.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо үчүн уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: