Ташиев Ноокендин акиминин орун басарына акимдик кызматты убадалады (видео)
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы Ноокен районунун акиминин орун басарына кызмат убадалады.
Атайын кызматтын башчысы кечээ, 22-июлда Ноокендин Масы айыл өкмөтүндө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынып жаткан көп кабаттуу батирдин курулуш иштери менен таанышууга барган. Ташиев акимдин орун басарынан аталган кызматта 4 жылдан бери отурганын угуп, анын ишине так экенинен күмөн санагандай болду.
"Же жакшы иштебейсиз, же сиздин колдоочуңуз жок кызматтан көтөрүлө албай жүрөсүз. 4 жыл биринчи орун басар болгондон кийин сөзсүз аким болуш керек... Жакшылап иштеңиз сиз да аким болосуз",- деген Ташиев аны далыга таптады.
Курулуш иштерин көрүп чыккан УКМКнын башчысы анын аты-жөнүн жаздырып алды.
"Сизди өлкөнүн түндүк тарабына аким кылып жөнөтөлү. Ошол жакка аким болуп иштеңиз. Азыр иштей турган акимдерди таппай жатабыз",- деди Ташиев.
23.07.25.





