super.kg logo

Тажик бийлиги ооган качкындарын массалык түрдө депортациялап жаткандыгын билдирди

 

Тажик бийлиги өлкөдө жашаган ооган качкындарын массалык түрдө депортацияланган фактыны расмий тастыктады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын басма сөз борбору билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Мекеме белгилегендей, чет элдиктердин өлкөгө агымы "аймактагы жана дүйнөдөгү оор саясий жана экономикалык кырдаалдын" фонунда кыйла көбөйгөн. Ошол эле учурда көп мигранттар, Тажикстанда мыйзамсыз жүрүшөт же жүрүүнүн белгиленген эрежелерин бузушууда.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө көптөгөн миграциялык режимди бузуу фактылары аныкталган, анын ичинде мыйзамсыз баңгизаттарын жүгүртүү, экстремизмге үгүттөө, качкын макамын алуу үчүн документтерди жасалмалоо, ошондой эле Тажикстанды транзиттик аймак катары пайдалануу фактылары аныкталган. Буга байланыштуу тартип бузгандарды республикадан чыгаруу боюнча чаралар көрүлүп жатат. Атап айтканда, бул Ооганстандын жарандарынын белгилүү бир бөлүгүн депортациялоого тиешелүү",- деп белгиленген маалыматта.

Июль айынын башында жергиликтүү басылма Тажикстандагы ооган мигранттарына 15 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетүүгө ультиматум коюлганын жазган. Ошондон кийин, айрыкча Дүйшөмбү, Вахдат жана Рудаки чөлкөмүндө кармоо жана депортациялоо толкуну башталганын маалымат булактары билдиришти.

Айта кетсек, буга чейин Иран менен Пакистан өз өлкөлөрүнөн Ооганстандын жарандарын чыгарып жаткандыгын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: