Эки жашар наристе 48 магнит жутуп алды

Воронежде дарыгерлер 48 магнит жана бир темир шарик жутуп алган эки жашар баланы сактап калышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, рентгендик текшерүү учурунда баланын ич көңдөйүнөн 49 майда магнит табылган. Гастроскопия маалында ашказандан 45 магниттик элемент жана бир шарик алынган, бирок үч магнит ичегиге кирип кеткен. Дененин ичинде магниттер биригип, ички ткандардын бузулушуна алып келгендиктен, калган объекттер хирургиялык жол менен минималдуу кесүү аркылуу алынган.
Дарыгерлердин айтымында, бала магниттерди бир эле учурда эмес, акырындык менен жутуп, абалды кыйла татаалданткан.
Учурда кичинекей бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда, өмүрүнө коркунуч жок. Ооруканадан чыккандан кийин реабилитациясын үйдө улантат.
