Кызыл-Кыяда ишкерден алган парасын кайра кайтарып берүү учурунда салыкчы кармалды (видео)

Маалым болгондой, милицияга дүкөндүн ээси кайрылып, кызмат адамы акча каражатын опузалап алгандыгын билдирген. Улук тескөөчү ишкерге 1 миллион сомго жакын салык төлөшү керек экенин айтып, бирок 200 миң сом үчүн маселени жөнгө салууну убада кылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү ишкерден керектүү сумманы алганы аныкталды. Ал эми 22-июлда салыкчы дүкөндүн ээсине 2200 долларды кайтарып берүү учурунда кармалды.
Учурда керектүү тергөө иштери жүрүп жатат.
Салык кызматынын тескөөчүсү пара алууга шектелип кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:50
2025-07-23
19:9
2025-07-23

17:55
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.