Украина менен Орусиянын сүйлөшүүлөрү бүгүн өтөт
Украина менен Орусиянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы бүгүн Стамбул шаарында өтөт. Бул тууралуу ТРТ Хабер басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Орусия тараптан сүйлөшүүлөрдү башкы өкүл Владимир Мединский жетектемекчи. Украина делегациясынын башында болсо Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров болот.
Күн тартибинде негизги маселелер:
- туткундарды алмашуу,
- уурдалып кеткен балдарды кайтаруу,
- кан төгүүнү токтотуу.
Акыркы беш ай ичинде тараптар Стамбулда эки жолу жолуккан. Акыркы жолугушуу 2-июнда өтүп, анда тараптар маанилүү маселелер боюнча орток пикирге келишип, туткундарды алмашуу боюнча олуттуу келишимдерге жетишкен болчу.
Эске салсак, буга чейин Украина президенти Владимир Зеленский Рустем Умеровдун Орусия менен Украина өкүлдөрүнүн Түркияда жаңы жолугушуусун сунуштаганын айткан.
