Орусияда өспүрүмдү пенсионер аял тоноп кетти

Киров шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде пенсионер подъездде уктап жаткан өспүрүмдү тоноп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Анда жазылгандай, аял капчык жана уюлдук телефон салынган рюкзакты уурдап кеткен. Келтирилген жалпы зыян 18 миң рублду түзгөн.
Подъезддин тепкичинде уктап жаткан өспүрүмгө аял акырын жанына барып, колунан бир нерсе алып, сумкасына салып алганы видеого тартылып калган.
Сыртка чыгып, ал сумкасына өспүрүмдүн рюкзакындагы нерселерди алып салып, рюкзакты бош кылып көтөрүп кетип калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.