super.kg logo
  Саясат  

Тажик тарабы Баткен облусундагы абалды жɵнгɵ салууга даярдыгын билдирди

 

Кыргыз-тажик чек арадагы жагдайдын курчушуна байланыштуу Тажикстандын жана Кыргызстандын чек ара мекемелеринин жетекчилеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсү жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда КРнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө  кыргыз тарап чек арадагы жагдай тууралуу сөз көтөрүп,  маселелерди бир гана сүйлөшүү жолу менен чечүү зарылдыгын билдирди. Тажикстан Республикасынын УКМКсы Чек ара аскерлеринин кол башчысы генерал-лейтенант Ражабали Рахмонали түзүлгөн жагдайды дипломатиялык жол менен жөнгө салууга  жана мамлекеттик чек арада чырдын курчушуна жол бербөөгө даярдыгын билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн 3-4 саат мурун Баткенде абал кайра курчуган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: