super.kg logo

Япониянын премьер-министри отставкага кетүүнү чечти

 

Япониянын премьер-министри жана Либералдык-демократиялык партиясынын башчысы Сигэру Исиба айдын аягына чейин кызматтан кетүүнү пландап жатканын чет элдик басылмалар жазышууда.

Исиба буга чейин өзүнүн ниети тууралуу айланасындагыларга билдирген. Бүгүн, 23-июлда ал партиянын башкы кеңешчиси Таро Асо, губернатордун орун басары Ёсихиде Суга жана мурдагы премьер-министр Фумио Кишида менен жолугушат.

Башкарып жаткан коалиция өнөктөш партиясы "Комэйто" менен 20-июлда кеңешчилер палатасынын көпчүлүгүнөн кол жууду. Алар 125 мандаттын ичиненен жок дегенде 50 орундан жогоркуну алыш керек болчу. Эки партияга биригип 47 мандат тийди.

Шайлоодо утулгандан кийин партиянын ичинде Исибаны кызматтан кетирүү чакырыктары күчөдү. 22-июлда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү үчүн кол топтоо кампаниясы башталды.

Премьер-министр АКШ менен тарифтер боюнча сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин кызматтан кетүүнү пландап жатканын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: