Таэквондо боюнча Кыргызстандын курама командасы универсиададан кайтып келди




Бүгүн, 23-июлда таэквондо боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Германиянын Эссен шаарында өткөн Дүйнөлүк жайкы универсиададан кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан аталган агенттиктин алдындагы “Жаштык” дирекциясынын директору Урмат Асанбаев, ошондой эле спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.
Эске салсак, 19-июлда өткөн таэквондо боюнча мелдеште улуттук курама команданын мүчөсү Нурхан Самидинов жогорку чеберчилик көрсөтүп, жалпы 30 спортчу катышкан мелдеште коло медалга ээ болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2025-07-21

9:10
2025-07-21
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.