Бишкекте жүк ташыган унааларга чектөө коюлду
Бишкек мэриясы калаанын көчөлөрүндө жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизди. Эгер эреже бузуулар катталса, катуу чаралар көрүлөрүн муниципалитеттен эскертишти.
Мындай чектөө ушул жылдын 1-октябрына чейин саат 07:00дөн 21:00гө чейин күчүндө болот.
"Бул мезгилде муниципалдык жолдордо уруксат берилген максималдуу салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө тыюу салынат",- дешти мэриядан.
Убактылуу чектөө төмөнкү унааларга тийиштүү эмес:
- гуманитардык жардамды жана тез бузулуучу тамак-аш азыктарын ташуу;
- Бишкек мэриясы тарабынан автомобиль жолдорун курууга жана оңдоого тартылган;
- Бишкектин аймагында муниципалдык тапшырыктын негизинде жүк ташууну ишке ашыруу.
Мэрия ысык аба ырайында каттаган оор жүк ташуучу унаалар асфальтты бузган фактылар көбөйгөнүн белгиледи. Ошондой эле, шаар тургундары мындай унаалардын түнкүсүн гана жүрүүсүнө уруксат берүү жагын бир нече жолу айтышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

14:35
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.