Эрдоган Израилдин өкмөт башчысын кайрадан Гитлерге салыштырды
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун жана Израил армиясынын Газа тилкесиндеги аракеттери Гитлердин кылмыштарынан ашып түшкөнүн билдирди.
"Нетаньяху жана анын киши өлтүргүчтөрү жапайычылык жагынан Гитлерден ашып өткөн. Холокост учурунда да Европада Газадагыдай адамгерчиликсиз көрүнүштөр болгон эмес",- деп жазды ал X социалдык тармактагы баракчасында.
Түрк лидери ошондой эле эл аралык коомчулукту палестиналыктардын ачарчылыктан массалык өлүмүнө реакция кылууга чакырды.
Эрдоган буга чейин да Нетаньяхунун Газага болгон ырайымсызды Гитлерден ашып кеткенин айтып, аны кескин сынга алган. Анда ал экинчи дүйнөлүк согуштун эң коркунучтуу сүрөттөрү Газа тилкесиндеги видео жана сүрөттөргө салыштырмалуу жупуну болуп калат деп сүрөттөгөн.

