"Ынтымак ордодо" АКШда өтө турган Олимпиадага даярдык көрүү боюнча жыйын өттү




Бүгүн, 23-июлда Бишкектеги "Ынтымак ордо" Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2028-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтө турган XXXIV Жайкы Олимпиада жана XVIII Паралимпиада оюндарына даярдык көрүүгө арналган жыйын өткөрдү.
Өкмөттүн маалымат кызматы Байсалов Олимпиадага сапаттуу даярдык көрүү өлкө үчүн өзгөчө артыкчылыктуу багыт экенин баса белгилегенин билдирди.
"Биздин милдет – алдыдагы Олимпиадага мүмкүн болушунча көп лицензия утуп алуу. Олимпиада оюндарына ийгиликтүү катышуу – өлкөбүз үчүн артыкчылыктуу милдет. Биз жеңиштерди күтөбүз. Ар бир мамлекеттик орган, жергиликтүү бийлик органдары, спорт федерациялары учурдагы милдеттерди натыйжалуу иштеп чыгып, спортчуларыбыздын бул иш-чарага даярдануусу жана катышуусу үчүн тиешелүү шарттарды камсыз кылышы керек", - деген ал.
Жыйындын алкагында Дене тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан иштелип чыккан 2028-жылкы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына даярдык көрүү планы көрсөтүлүп, кеңири талкууланган.
Анда спорттун 14 түрү боюнча 30га жакын лицензия, анын ичинде фехтование, байдарка жана каноэде сүзүү, оор атлетика, таэквондо сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча дагы лицензияларды жеңип алуу күтүлүлүп жатканы белгиленген.
Паралимпиада оюндары боюнча спорттун 4 түрү боюнча 4 лицензияны жеңип алуу пландалган. Ошондой эле жыйында спортчулардын 2026-2028-жылдары эл аралык мелдештерге катышуусу үчүн каржылоону көбөйтүү, спорттук мекемелердин инфраструктурасын жакшыртуу, спортчулардын олимпиадалык формасынын дизайнын иштеп чыгуу, спортчуларга эмгек акы төлөө, Кыргыз медициналык ден соолукту чыңдоо борборунун иши, Олимпиадалык оюндарды трансляциялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулган.
Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө 2026-жылы Италияда өтүүчү Кышкы Олимпиада оюндарына даярдык көрүү маселеси да талкууланган.



