"Бүгүн да жеп кетейинчи". Ташиев Жалал-Абадда балмуздак сатуучу жайга барып, балачагын эскерди (видео)
Бүгүн, 23-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарына болгон иш сапарында "Жеңиш" паркындагы курулуш иштеринен кабар алды.
Атайын кызматтын башчысы балачагын эскерип, сейил бактагы "Байчечекей" балмуздак сатуучу жайынан балмуздак сатып алды.
"Бул жактын балмуздагын кичинекей бала кезимде жечү элем. Бүгүн дагы бир жеп кетейинчи. Мага бирди бер", - деп сатуучуга кайрылды.
Буйрутмасын алган соң Ташиев сатуучуга парк жаңылангандан кийин жакшы шарттарды түзүп берүүнү убадалады.
Камчыбек Ташиев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.