super.kg logo
  Саясат  

Комуз, калпак берип... Садыр Жапаров Монголиянын президентин Чолпон-Атадагы "Рух-Ордого" алып барды

 

Бүгүн, 23-июлда өлкө башчы Садыр Жапаров менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборуна барышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын администрациясынан кабарлады.

"Рух-Ордонун" кире беришинен жогорку даражалуу конокторду маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев тосуп алып, кыскача экскурсия өткөргөн. Ал лидерлерди кыргыз элинин салттуу жашоо мүнөзүнүн элементтери чагылдырылган "Кыргыз айылы" этнокомплекси менен тааныштырган.

Мындан тышкары гид мамлекет башчыларына Ысык-Көл жээгиндеги ачык асман алдындагы музейдин түзүлүү тарыхы тууралуу айтып берген.

Иш-чаранын соңунда ардактуу коноктор улуттук музыкалык аспаптын формасында жасалган пирсти көрүп чыгышкан. Садыр Жапаров сыйлуу коногу Ухнаагийн Хурэлсухка комуз белекке берген.

Эске салсак, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух 20-июлда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келген. Жапаров менен Хурэлсухдун "Ынтымак ордодогу" жолугушуусунда бир катар документтерге кол коюлду.

Кечээ, 22-июлда өлкө башчылар Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн "Мейкин Азия" эл аралык музыкалык фестивалынын финалдык бөлүгүнө күбө болушту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: