Таишев Жалал-Абадда курулуп жаткан административдик иамарат тарыхка каларын айтты (видео)
Бүгүн, 23-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарында салынып жаткан жаңы административдик имараттын курулуш иштери менен таанышты.
Ал тиешелүү кызмат адамдарына имараттын сапаттуу салынышын көзөмөлдөөнү тапшырып, аталган имарат тарыхый имарат болуп каларын айтты.
"Бул имарат бизден кийин 100 жылдарга кала турган тарых. Бул жерде түрмө болгонун билесиңер да? 50 жыл абак болуп турган жер. Өлкө эгемендүүлүктү алгандан бери мамлекеттин башына кимдер келбесин "ушул жердеги түрмөнү" жылдырабыз деп айтып келишкен", - деди Ташиев.
Атайын кызматтын башчысы имарат президенттин тапшырмасы менен курулуп жатканын белгиледи.
"Азыр өзү келип, курулушту көрбөгөнү менен, дайыма менден сурап турат. Кечинде да сураган", - деп кошумчалады ал.
23.07.25.


