super.kg logo

Израилдин парламенти Иордан дарыясынын батыш жээгин аннексиялоону колдоду

 

Израилдин Кнессетинин (парламентинин) депутаттары Иордан дарыясынын батыш жээгин аннексиялоо үчүн добуш беришти. Бул тууралуу Israel National News басылмасы жазып чыкты.

Басылма белгилегендей, бул аймактар еврей элинин тарыхый, маданий жана руханий мекенинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат деп жазылган резолюцияга Кнессеттин депутаттарынын көпчүлүгү, тагыраагы, 71и добуш берген.

Белгилей кетсек, Иордан дарыясынын батыш жээги (анын ичинде Чыгыш Иерусалим) Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 1947-жылдагы резолюциясына ылайык, Палестинанын бир бөлүгү болуп калышы керек болчу. Бирок 1947-1949-жылдардагы араб-израилдик согуш учурунда бул жерлер Иордания тарабынан басып алынган. 1967-жылы алты күндүк согуштун натыйжасында аймакты Израил көзөмөлгө алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: