Садыр Жапаров Монголия президентинин көзү түшкөн ай балтаны белек кылды (видео)
Бүгүн, 23-июлда өлкө башчы Садыр Жапаров менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборуна барыды. Бул тууралуу мамлекет башчынын администрациясынан кабарлады.
"Рух-Ордонун" кире беришинен жогорку даражалуу конокторду маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев тосуп алып, кыскача экскурсия өткөрдү.
Монгол лидери кыргыз элинин салттуу жашоо мүнөзүнүн элементтери чагылдырылган "Кыргыз айылы" этнокомплексин кыдыруу учурунда ай балтага кызыгуусун билдирип, анын ысымынын чечмелениши да коло балта болорун айтты.
Жапаров кесиптешинин ай балтага көзү түшкөнүн байкап, жоокердик куралды ага белекке берди.
"Бирок бул коло эмес, темир. Бирок балта", - деди Жапаров
Ошондой эле өлкө башчы Хурэлсухга кыргыздын улуттук баш кийими болгон ак калпакты да кийгизди.
23.07.25.



