super.kg logo
  Саясат  

Орусиянын Оренбург облусу Кыргызстандын 2 миңден ашык жаранына кирүүгө тыюу салды

 
Орусиянын Оренбург облусунда  22 000 чет элдик, анын ичинде 2 000 Кыргызстандын жаранына кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу 14-январда “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди. 
Орусиянын миграциялык мыйзамдарынын күчөтүлүшүнө жана аталган өлкөнүн аймагына кирүүгө тыюу салынганын тизменин көбөйүшүнө байланыштуу Бишкек-Москва поездинен күн сайын Кыргызстандын ондогон жарандары түшүрүлүүдө. Жарандар (10-35 адам) күн сайын Орусияга кирүүгө тыюу салынган белгиси менен кайра мекенине жөнөтүлүүдө. 
Ассоциациянын юридикалык кызматы жыл бою Кыргызстандын мамлекеттик чек арадан өтүүдө кармалган же сапардан четтетилген 84 жаранына даректүү жардам көрсөткөн. КРнын жарандыгын күбөлөндүргөн документтердин жоктугу, документинин мөөнөтүнөн бүткөндүгү, жашы жете электерге тиешелүү документтердин жоктугунан алар чек арадан өтө алышпай калууда. Аларга юридикалык кеңеш берилип, укуктук жардам көрсөтүлдү. Шартка жараша убактылуу жашаган жай, айрым учурларда билет сатып алууга да жардам көрсөтүлүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: