super.kg logo

Тынчтыкка үмүт: Стамбулда Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы аяктады

 

Кечээ, 23-июль күнү Стамбул шаарында Орусия менен Украинанын түз сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы болуп өттү. Сүйлөшүү болжол менен 1 саатка созулду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, жолугушууну Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан ачты.

"Эгерде Орусия менен Украина ортосунда макулдашуу болсо, Түркия тынчтыкка жана ок атышууну токтотууга көмөк көрсөтүүгө даяр",- деди ал.

Сүйлөшүүлөр башталганга чейин Орусия делегациясынын башчысы Владимир Мединский менен Украина тараптан Рустем Умеров өз ара жолугушуп, даярдык сүйлөшүүсүн өткөрүшкөн.

Тараптар сүйлөшүүлөрдү улантуу жана келишимдерди кеңейтүү боюнча макулдашып жатышат.

Бул сүйлөшүү - согуш башталгандан берки түз байланыштардын бири болуп, Түркия дагы бир жолу ортомчу жана тынчтыкка көмөктөшчү өлкө катары маанилүү ролду аткарып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: