Илон Маск Голливудда Tesla Diner тез тамактануучу жайын ачты
Дүйнөгө таанымал миллиардер Илон Маск Лос-Анжелестин Голливуд аймагында өзгөчө форматтагы тез татым жайын – Tesla Diner’ди ачты. Чет элдик басылмалар жазышкандай, бул жайда кардарлар заманбап технологиянын ыңгайын сезип, унаасын кубаттоо менен бирге даамдуу тамак ичип, кино көрө алышат.
Tesla Diner – футуризм менен ретро стилиндеги кооз интерьерге ээ. Бул жай 80 Supercharger кубаттагычы, 250 орундуу отургучтар, ачык терраса жана ири кино экрандар менен жабдылган. Кардарлар бургер, хот-дог сыяктуу тез татымдарды унаадан түшпөй эле атайын тиркеме аркылуу заказ кылышат. Өзгөчө кызыктуу учур – Tesla Optimus роботу поп-корн салып берет.
Жайдын ачылышы чоң кызыгуу жаратып, Илон Маск долбоор ийгиликтүү болсо, мындай жайлар дүйнөнүн башка ири шаарларында да ачыларын айтты.
