super.kg logo

Ош облусу бодо малды жасалма жол менен уруктандыруу үчүн жабдыктарды сатып алды

 
Бүгүн, 24-июлда Ош облусу Дүйнөлүк банктын "Туруктуу агрокластерлерди өнүктүрүү" долбоорунун алкагында бодо малды жасалма жол менен уруктандыруучу 34 жаңы пунктту жабдуулар менен камсыздады. Бул тууралуу облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чарага президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев катышып, айыл аймак башчыларына жабдууларды тапшырды.
"Жаңы пункттар үчүн ар бир жабдуулар комплектине Дьюар идиши, шприц катетери, термостат-дефростер жана термометр кирет. Ар бир комплекттин баасы 37 миң 500 сом, жалпы 160 комплектке 6 миллион сом сарпталды. Мындан тышкары, уруктандыруучу техниктерге атайын формалар берилди. Жабдуулар айыл өкмөттөрдүн жана мэриялардын балансына болуп, тиешелүү адистерге убактылуу колдонууга берилет. Техник кызматын токтоткон учурда, жабдуу аймактык ветеринардык кызматтын макулдугу менен башка адиске өткөрүлөт. Иш-чара жасалма уруктандыруу кызматын кеңейтүүгө жана мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган",- деп белгиленет маалыматта.
Саамалык Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү борбору тарабынан Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте ишке ашырылууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: