super.kg logo

Польшада балмуздак дүкөнүнүн астынан орто кылымдагы жоокердин сөөгү табылды

 

Польшанын Гданьск шаарында жабык турган балмуздак дүкөнүнүн астынан орто кылымга таандык, толук сакталган жоокердин сөөгү табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, археологдор 2023-жылдан бери шаар борборундагы тарыхый Шрудмесьце районунда казуу иштерин жүргүзүп келишет. Жакында алар жылдызы бар жоокердин сүрөтү түшүрүлгөн мүрзө ташын табышкан.

Поляк археологиялык компаниясы бул табылгасын "өзгөчө маанидеги ачылыш" деп мүнөздөдү жана аны Польшадагы акыркы жылдардагы эң маанилүү археологиялык ачылыштардын бири катары атады.

Мүрзө ташы Готланд кумташынан жасалган. Бул материал орто кылымда абдан кымбат болгон. Ташта чынжырлуу соот (коргонуучу кийим) кийген, калкан көтөргөн жана кылычын жогору көтөргөн жоокердин сүрөтү чегилген.

150 сантиметрдей узун мүрзө ташында убакыттын өтүшү менен пайда болгон бир аз жаракалар болгону менен, сүрөттүн деталдары дагы деле жакшы көрүнөт.

Казуу учурунда табылган сөөк 170-180 сантиметр аралыгында болгон. Бул орто кылымдагы европалыктар үчүн өтө узун бой деп эсептелет.

Археолог Сильвия Куржиньска сөөктүн жайгашкан жери мурун көрүстөн болгонун тастыктап турганын жана сөөк абдан жакшы сакталып калганын белгиледи.

Мүрзөдөн баалуу буюмдар табылган жок, бирок жогорку урмат-сый менен көмүлгөнү жана жоокердин бийик даражалуу адам болгону көмүү ыкмасынан жана колдонулган материалдардан байкалат.

"Бул адам жогорку даражалуу жоокер же кол башчы болгон деген бүтүмгө келдик" - деди Куржиньска.

Бул мүрзө Гданьск шаарындагы эң эски чиркөөгө таандык 300 адам көмүлгөн көрүстөндүн бир бөлүгү экендиги аныкталды. Чиркөө 1140-жылы эмен дарагынан курулган. Бул жай 11-кылымдын аягынан 14-кылымдын башына чейин жашаган байыркы отурукташуу аймагына кирет.

"Бул жер орто кылымда саясий жана рухий жактан өзгөчө мааниге ээ болгон",- деп баса белгиледи Куржиньска.

Табылга Гданьскинин аскерий аристократиясы жана көмүү салттары боюнча маанилүү маалыматтарды берип жатканын кошумчалады.

Учурда археологдор мүрзө ташын тазалап, бекемдөө иштерин жүргүзүп жатышат. Андан соң 3D сканерлөө жасалып, жаракалар санарип форматта калыбына келтирилет.

Ошондой эле жоокердин сөөгү антропологиялык жана генетикалык изилдөөгө алынат, баш сөөгү аркылуу анын жүзүнүн реконструкциясы жасалмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: