super.kg logo

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча маалымат жыйын өттү 

 

Бишкекте бүгүн, 24-июлда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн маалымат жыйыны өттү.

Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, VI ДКОну даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы Эдил Байсалов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу жогорку аттестациялык коммисиянын төрагасы Бекбосун Бөрүбашов, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негиздөөчүсү Асхат Акибаев, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын жетекчиси - Нурсултан Аденов жана журналисттер катышты.

Жыйында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитети тарабынан алдыдагы оюндардын концепциясын сунуштап, даярдык иштеринин жүрүшү жана спорт, маданият жана илим тармактарын камтыган негизги программалар тууралуу маалымат берилип, журналисттердин суроолоруна жооп беришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: