Президент ЖАМКынын төрагасы Чыңгыз Кожошевге сөгүш жарыялады
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Чыңгыз Кожошевге сөгүш түрүндө тартиптик жаза берилди. Тиешелүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан кабарлады.
Маалыматка ылайык, тартиптик жаза укук тартибин камсыздоого тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү жана аскер кызматкерлеринин өз жанын кыюусу түрүндөгү оор кесепеттерге алып келген өздүк курамдын арасындагы уставдык эмес мамилелердин алдын алуу боюнча натыйжалуу чараларды көрбөгөндүгү үчүн берилген.
Эске салсак, 16-июлда ЖАМКынын Жалал-Абаддагы Күзөт жана коштоо департаментинин аскердик милдетин өтөп жаткан жоокери өз жанын кыйганы белгилүү болгон. Акыйкатчы институту маркум асынып турган абалда командирдин кабинетинен табылганын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.