Камбоджа БУУдан чукул жыйын өткөрүүнү суранды
Камбоджа менен Таиланддын чек ара аймагында абал чыңалып, тараптар бири-бирин куралдуу кагылышка айыпташты. Камбоджанын премьер-министри Хун Манет БУУнун Коопсуздук кеңешине кайрылып, чукул жыйын өткөрүүнү суранды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, Камбоджа Таиланд аскерлерин чек араны бузуп, камбоджалык позицияларга чабуул койду деп айыптады. Хун Манет бул аракеттер эл аралык укукту бузарын белгилеп, Таиландды аскерлерин артка кайтарууга жана чагымчыл аракеттерди токтотууга чакырды.
Таиланд болсо Камбоджаны болгон окуялар үчүн жооптуу деп эсептеп, өзүнүн аймактык бүтүндүгүнө коркунуч жаралса, эл аралык укуктун негизинде коргонууга даяр экенин билдирди. Мындан сырткары, Таиланд жарандарына Камбоджаны тез арада таштап чыгууну сунуштады.
Чек арадагы чыңалуу 28-майда эки өлкө тең нейтралдуу деп эсептеген тилкеде болгон ок атышуудан кийин башталган. Камбоджа бир аскерин жоготконун билдирсе, Таиланд Камбоджаны күнөөлөгөн.
Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара талашы ондогон жылдардан бери уланууда. Айрыкча талаштуу аймактарда жайгашкан байыркы храмдар бул жаңжалдын борборунда турат.
