Рестлер жана актер Халк Хоган каза болду
Америкалык актер жана рестлер Терри Жин Боллеа, жалпыга Халк Хоган деген ат менен таанымал инсан 71 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты.
24-июлда эртең менен Флорида штатынын Клируотер шаарындагы Хогандын үйүнө медициналык кызматкерлер чакырылган. Аларга актердун жүрөгү токтогону тууралуу кабар берилген. Ал эми бир нече жума мурун Хогандын аялы Скай анын комада экени тууралуу маалыматты четке каккан.
Халк Хоган рестлерлик карьерасын 1977-жылы баштап, 30 жылдан ашык убакыт америкалык рестлингдин эң ири жылдыздарынын бири болгон. Ал ошондой эле кино жана сериалдарда да ойногон. Алгачкы кино ролун 1982-жылы “Рокки 3” тасмасында алган.
Хоган 1984-жылы World Wrestling Entertainment чемпиондук наамын жеңип алган. Жалпы карьерасында 12 жолу дүйнө чемпиону болгон. Ал узак мөөнөт чемпиондук наамдарды кармап турганы менен рекордко ээ болгон.
