super.kg logo

Таиланд - Камбоджа чек арасында кагылышуу күчөдү: 100 миңден ашуун жаран эвакуацияланды

 

Таиланд менен Камбоджанын ортосундагы чыңалуу күчөп, чек арадагы төрт провинциядан 100 миңден ашуун адам эвакуацияланды. Таиланддын Ички иштер министрлиги 100 672 киши убактылуу баш калкалоочу жайларга жайгаштырылганын билдирсе, Саламаттыкты сактоо министрлиги каза болгондордун саны 14кө жеткенин маалымдады.

Бейшемби күнү Таиланд армиясы Камбоджанын аймагындагы белгиленген бутага сокку уруу үчүн F-16 аскердик учагын колдонду. Эки тараптын артиллериялык атышуусунун айынан кеминде 11 тургун каза болду.

Бул чырдын чыгышына эки өлкө бири-бирин күнөөлөдү. Талаштуу чек ара тилкесинде чыккан жаңжал тез арада жеңил куралдардан оор артиллерияга өтүп, 209 чакырымдык тилкеде кеминде алты башка аймакта уланды.

Таиланд тарап курман болгондордун арасында 8 жаштагы бала болгонун, бейшембидеги атышууларда 31 адам жаракат алганын билдирди.

"Оор куралдарды колдонуп, максатсыз чабуул жасоо эл аралык укукка каршы келет. Бул чагымчыл жана биз өз өлкөбүздү коргоого аргасыз болдук",- деп билдирди Таиланддын убактылуу премьер-министри Пхумтам Вечаячай.

Камбоджанын Оддар Меанчеай аймагында кеминде 1500 үй-бүлө коопсуз аймактарга көчүрүлгөнү айтылды.

Кагылышуулардан кийин Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши жума күнү чукул жыйынга чогулары белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: