Президент учак кырсыгына байланыштуу Владимир Путинге көңүл айтты
Президент Садыр Жапаров Амур облусунда көп сандаган адамдардын өмүрүн алган жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
"Амур облусундагы кайгылуу авиациялык кырсыктын кесепетинен көп сандаган адамдардын курман болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Менин чын жүрөктөн чыккан жана терең көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Каза болгондордун жакындарына жана туугандарына алар үчүн бул орду толгус жоготууга көңүл айтуу жана колдоо сөздөрүмдү жеткирүүңүздү өтүнөм",- деп айтылат телеграммада.
Кечээ, 24-июлда Амур облусунда жүргүнчү ташыган Ан-24 учагы токойго кулаганы, анда 43 жүргүнчү жана 6 экипаж мүчөсү болгону маалымдалган.
Орусиялык басылмалар жазгандай, учак кырсыгынан 48 адам каза болгон.

