Боёнгонду жактырбайт. Дүйнө жүзүнө таанымал Кендалл Женнер жөнүндө фактылар
Дүйнө жүзүнө эң кымбат модель катары таанылган Кендалл Женнерди тааныбагандар аз болсо керек. Ал өзүнүн бир гана сулуулугу менен гана эмес, жасаган көп жакшы иштери менен таанымал. Бул ирет Кардашьяндар үй бүлөсүнүн мүчөсү, дүйнөлүк модель Кендалл жөнүндө маалыматтар менен бөлүшөбүз.
Толук аты-жөнү: Кендалл Николь Женнер
Туулган күнү: 3-ноябрь, 1995-жыл
Туулган жери: Лос-Анжелес, Калифорния, АКШ
Эне-атасы: Крис Женнер (апасы), Кейтлин Женнер (атасы)
Бир туугандары: Кайли Женнер (толуктай бир тууган), Кардашьян бир туугандар - Ким, Кортни, Хлои (апасы жактан бир туугандар), Роб (атасы жактан бир тууган).
Кендалл Женнер дүйнөгө “Кардашьяндар менен жашоо” реалити-шоусу аркылуу таанылган. Ушул шоудон кийин мода дүйнөсүнө кадам таштап, дүйнөнүн эң белгилүү моделдеринин катарына кошулган. Ал чоң жана популярдуу үй-бүлөдө чоңойгон, бирок өзү тынчтыкты сүйгөн адамдардын катарын толуктайт.
“Үй-бүлөм мен үчүн ар дайым биринчи орунда. Аларсыз мен бүгүнкү күнгө жетпейт болчумун",- деген модель берген интервьюларынын биринде.
2015-жылы Кендаллдын ата-энеси ажырашып, атасы Кэйтлин Женнер болуп, жынысын өзгөртүү операциясын жасатуу чечимин кабыл алып, коомчулукту таң калтырган. Кызы атасын бул чечимин колдогон.
2014-жылы Кендаллды Карл Лагерфельд өзү чакырып, аны Chanel'дин жүзү кылып, бир жылдан кийин Estee Lauder бренди дагы кызды компаниянын жүзү кылган. Ошентип кыздын моделдик жашоосу алдыга жүргөн. Chanel, Givenchy, Tommy Hilfiger, Dolce & Gabbana, Balmain жана башка алдыңкы дүйнөлүк бренддердин коллекциялары бар. Ал ошондой эле, соцтармакта эң көп катталуучулары бар моделдердин бири. Бирок өзү көп аккаунтун активдүү алып барбайт. Бир киргизген посту эле миллиондогон лайктарды алат.
Кендалл өзүнүн сырткы келбети менен эксперимент жасаганды жакшы көрөт жана ал муну карьерасы үчүн эмес, өз ырахаты үчүн жасайт. Кендалл жеке жашоосун өтө купуя кармаганды жакшы көрөт. Ошондой эле, көп досторун элге көрсөтпөйт, бирок белгилүү адамдар менен жакын мамиледе болгону белгилүү.
Белла Хадид , Хейли Бибер, Джиджи Хадид.
Кендалл өзүн психикалык жактан ден соолукту сактоого арнайт. Медитация жана йога менен алектенип, жалгыздыкты жана табият менен болууну жакшы көрөт.
Кызыктуу фактылар
1. Алгачкы жолу 14 жашында модель болгон. Кендалл өзүнүн моделдик карьерасын 2009-жылы баштаган. Эң алгачкы келишимин Wilhelmina Models агенттиги менен түзгөн.
2. Forbes тизмесинде эң көп киреше тапкан модель болгон. 2017-жылы Forbes журналы Кендаллды “дүйнөдөгү эң көп киреше тапкан модель” деп атаган. Ал ошол жылы 22 миллион доллар киреше тапкан.
3. “818 Tequila” аттуу ичимдик брендинин ээси. Кендалл ишкерликке да кызыгып, өзүнүн текила брендин түзгөн. Бренд Мексикадан алынган органикалык агаведен жасалат жана дүйнө жүзүнө экспорттолот.
4. FWRD брендинин креативдик директору. Ал моданын гана жүзү болбостон, FWRD аттуу люкс онлайн дүкөнүндө креативдик директор болуп иштейт - бул ролдо ал коллекцияны тандоо жана стилистика боюнча чечимдерди кабыл алат.
5. Кендалл социалдык тармактардан чарчайт. Миллиондогон адамдарды Instagram’да артынан ээрчитсе да, ал кээде коомдук тармактардан алыстап, телефонсуз жашоону тандай турганын айткан.
6. Модадан тышкары, сүрөтчүлүккө кызыгат. Кендалл профессионалдуу фотограф болууну да каалайт. Ал LOVE журналы үчүн кээ бир белгилүү фотосессияларды өзү тарткан.
7. Кайраттуу жана спортко жакын. Ал мектеп курагында чуркоо, ат чабыш жана машыгуу менен алектенген. Бул физикалык даярдык анын моделдик карьерасына чоң жардам берген.
8. Бадыраң кесүү “меми”. 2022-жылы реалити шоусунда бадыраңды туурай албай калган видеосу интернетке тарап, “бадыраң меми” болуп калган. Кийинчерээк өзү бул тууралуу тамашалап, жакшы кабыл алган.
9. Көпчүлүк учурда табигый көрүнүштү жактырат. Ал сахнадан тышкары өтө табигый боёнбой, жөнөкөй кийимдерди кийип жүргөндү жакшы көрөт.
10. Кино тармагына өтүү – актрисалыкка кызыкканын айткан. Жакынкы жылдары кино тармагына аракет кылам деп билдирген.
11. Кайрымдуулук фондун түзүү – психологиялык жардам жана жаштар үчүн. Коомдук иштерге аралашып, муктаждарга жардам бергенди жактырат. Бирок жардам бергенин өзү көп учурда жарыялабайт.
12. Мода брендин ачуу – өзүнүн мода линиясы (кийим же аксессуар). Бизнес тармагында кийим менен соода кылып, өзүн сынап көргүсү келет.
13. Кендаллдын бою 179 сантиметр, салмагы 54 килограмм.
14. Ал спорттун түрүнөн - чуркоону жактырат.
15. Кендаллдын инстаграмдагы бир жарнамалык посттунун баасы жарым миллион доллардан башталат.
16. Дженнер эл алдында сүйлөгөндөн аябай коркот жана тартынат.
17. Кичинекей кезинде көбүнчө эркек балдар менен достошуп, көп боёнгонду жактырчу эмес.
18. Жакындары моделди "Кен, Кени, Кения" деп аташат.
19. Модель атасына жакын.
20. Эжелеринин ичинен эң жоош жана токтоо мүнөзгө ээ.
21. Ал безетки оорусу менен ооруп, ошондон улам өзүн сулуу эмесмин деп көп кабатыр болгон. Бирок убакыт менен кабыл алган жана дарылаган.
22. Дүйнөдөгү моделдердин арасынан Кендалл эң көп акча тапкан модель болуп саналат.
Бүгүнкү күндөгү жетишкендиктери
• Дүйнөдөгү белгилүү бренддер менен иштешкен: Chanel, Versace, Givenchy, Victoria’s Secret, Balmain жана башка.
• Vogue, Elle, Harper’s Bazaar жана башка журналдардын жүзү болгон.
• Met Gala’га үзгүлтүксүз катышкан жана мода дүйнөсүнүн иконасы катары таанылган.
• Жеке ишкер: ичимдик бренди, онлайн мода бизнеси, жарнамалык келишимдер.
Кендалл Женнердин белгилүү цитаталары (сөздөрү)
“Менин жолум жай, бирок туруктуу болду. Мен чыныгы модель болууну кааладым - атактуу эмес, профессионал, өзүнүн ишин так билген”
(Vogue менен маегинде)
“Мен Instagram’дагы эмес, чыныгы жашоодогу Кендалл болууну жактырам.”
“Кээде коомдук тармактардан качып кетким келет. Биз адам экенибизди унутуп калабыз.”
“Сиздин сырткы көрүнүшүңүз эмес, ички дүйнөңүз эң башкы нерсе.”
Жеке жашоосу жана мамилелери
Кендалл жеке жашоосун өтө купуя кармаганды жакшы көрөт. Бирок коомчулукта белгилүү болгон айрым мамилелери болгон:
• Бен Симмонс – NBA оюнчусу менен бир нече жыл кыз-жигит болуп жүргөн.
• Девин Букер – дагы бир баскетболчу менен 2020–2022-жылдары мамиле түзгөн.
• Bad Bunny – белгилүү рэп ырчычы 2023–2024-жылдары мамиледе болушкан, бирок 2025-жылдын башында расмий түрдө эки жолго түкөн. Азыр кайра дос бойдон калган.
Социалдык тармактардагы жетишкендиктери:
• Instagram: 286+ миллион катталуучу.
• TikTok: Кендалл TikTok’ко сейрек чыгат, бирок фанаттар жогорку кызыгуу менен байкап турушат. • Анын бир посту орто эсеп менен 5-10 миллион лайк алат.
