Иран жана Европанын үч өлкөсү Стамбулда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
Иран менен Европанын үч өлкөсү (Улуу Британия, Франция жана Германия) Тегерандын өзөктүк программасына байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын Стамбулда өткөрүштү. Бул тууралуу ТРТ Хабер басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, жолугушуу Ирандын Стамбулдагы башкы консулдугунда өтүп, басма сөз өкүлдөрү үчүн жабык форматта уюштурулду.
Сүйлөшүүлөргө Иран тараптан тышкы иштер министрлеринин орун басарлары Мажид Тахт-Раванчи жана Казем Гарибабади катышты.
Буга чейин, быйыл 16-майда аталган өлкөлөр Стамбулда биринчи жолу жолугушуп, Иран менен АКШнын ортосундагы кыйыр сүйлөшүүлөр менен параллелдүү дипломатиялык байланыштарды улантуу чечимине келишкен.
Иран менен Батыш өлкөлөрүнүн сүйлөшүүлөрү жүрүп жатканда, 13-июнда Израил Иранга кол салып, натыйжада АКШ жана европалык тараптар менен болгон сүйлөшүүлөр убактылуу токтотулган.
Иран учурда Европа өлкөлөрү 2015-жылкы келишимде каралган "триггер механизми" же "snapback" деп аталган жобону иштетип жиберишинен чочулоодо. Бул механизм аркылуу Иран келишимди бузду деп табылган шартта, БУУнун санкциялары автоматтык түрдө кайра калыбына келиши мүмкүн. Аталган механизмдин мөөнөтү 18-октябрда аяктай турганы белгиленди.
Маалымат үчүн: 2015-жылдын 14-июлунда Иран менен БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия өзөктүк келишимге кол коюп, ага ылайык Иран өзүнүн өзөктүк ишмердүүлүгүн чектөө шарты менен эл аралык санкциялардан бошотулган. Бирок 2018-жылы АКШ келишимден бир тараптуу чыгып, Иранга карата санкцияларды кайра киргизген.
Иран европалык мамлекеттерден АКШнын чечимин компенсациялоо чараларын талап кылган, бирок бул талаптар жоопсуз калган. Натыйжада Иран өз милдеттенмелерин акырындык менен токтотуп, уран байытуу иштерин кайрадан жанданткан.
Учурда Улуу Британия, Франция жана Германия өзөктүк келишимде каралган "snapback" механизмин Иранга каршы ишке киргизүү ыктымалын кароодо. Бирок Иран бул өлкөлөр муну колдонууга юридикалык негизге ээ эмес деп эсептейт.
